11:47 Кыргыз президенти менен казак президентинин сүйлөшүүсү 26-апрелде болот

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн 25-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келет. 26-апрелде президенттер көзмө-көз, андан кеңири делегациянын катышуусу менен сүйлөшүүлөр өткөрөт. Нурсултан Назарбаев ошондой эле бейшемби күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баш болгон депутаттардын тобу менен жолугушат. (AiT)