Кыргызстанга бериле турган 100 миллион доллар токтоп калды

Бул Данияр Үсөновдун биринчи вице-премьер-министр кызматынан кетишине байланыштуу болууда. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умарзак Узбеков билдирди. Анын айтымында, казак тарап 100 миллион доллар өлчөмүндө Кыргызстанга жеңилдетилген насыя берүүнү жогорку деңгээлде чечкен. Аны ишке ашыруунун техникалык жагын Данияр Үсөнов тейлеп жаткан. Бирок Үсөновдун кызматтан кетүүсү менен иш калды. Кыргыз өкмөтү эми аны кайра жандантуусу керек, деп белгиледи Узбеков. (AiT)