15:47 Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясы өтүүдө

Адам укугун коргоо уюмдары уюштурган акцияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан оппозициялык “Бириккен фронттун” үч өкүлүнүн камакка алынышына нааразылык билдирилүүдө. Укук коргоочулар өздөрүнүн акциясын алгач УКМКнын имаратынын алдында өткөрүп, түштөн кийин өкмөт үйүнүн алдына которулушуп, камактагыларды бошотууну талап кылышууда. Акцияга отуздай киши катышууда. (AiT)