15:03 Реформа кыймылы жарандар менен «ыкчам байланыш» уюштурганы жатат

Кыймыл лидерлеринин бири, депутат Темир Сариевдин билдиргенине караганда, мындай демилгеге 19-апрелдеги окуяга байланыштуу күч бийлиги тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилип жатат. Депутаттын айтымында, 19-апрелдин түнүндө башкы прокуратуранын алдында автоунаа терезелерин талкалап, чакан дүкөндөрдү тоногон милиция кызматкерлери кармалган. Кийинчерээк бул факт митингичилерге оодарылган түшүндүрмө берилген. Ошондуктан, оппозициячыл саясатчылар 20-апрелге караган түнкү чыныгы жагдайды аныктоо үчүн бардык көрсөтмөлөрдү салыштырууну көздөп жатат. (BuS)