7:18 Бермет Акаеванын талапкерлигине байланышкан иш Жогорку Сотто бүгүн каралышы күтүлүүдө

Маалыматка караганда, Жогорку сот Бермет Акаеванын арызын кечээ каттоого алган. Кемин райондук соту буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан Бермет Акаеванын талапкерлигин шайлоодон четтетүү жана калтыруу тууралуу эки башка чечим чыгарган. Мунун негизинде талапкер Жогорку Сотко арыз жолдогон.(SM)