“Бейкер Хьюз” мунай компаниясы Карагачанак кенин иштетүү контрагына ээ болуу үчүн расмий адамдарга пара бергенин мойнуна алды. Компания ортомчу болууга даяр чиновникке эки жыл ичинде 4 миллион доллардан ашуун пара берген. “Бейкер Хьюз” коррупция тууралуу америкалык мыйзамды бузганы үчүн 11 миллион доллар айып төлөөрүн АКШнын адилет министрлигинен билдиришти.