Кечээ Эр-Риядда болгон жолугушууда алар Израиль менен Палестина автономиясынын мамилелерин талкуулашты. Аббас падыша Абдаллага Газа тилкесинде абал начарлап баратканын айтты. Сауд Арапстандын Израиль менен алакалары жок болгону менен жакындан тарта палестиналыктар менен израилдиктердин ортосунда тынчтыкты орнотуу үчүн чыгып келет.