Британиялык канзада Гарри Иракка жөнөйт

Бул тууралуу британ армиясынын башкы акими Ричард Деннэт билдирди. Гарри – Чарлз канзада менен маркум Диананын кичүү уулу. Анын лейтенант наамы бар жана ал 12 адамдан турган чалгындоо тобун башкарат. Ирак саясатчылары козголоңчулар Гаррини бутага алышы мүмкүн деп кооптонууда.