БИРИНЧИ МАЙ ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР МЕНЕН БЕЛГИЛЕНДИ

Биринчи майды дүйнөнүн көп жеринде массалык демонстрациялар менен белгилешти. Алардын көбү социалдык ураан-чакырыктар менен өттү. Айрым бир жерлерде,анын ичинде Стамбулда кагылыштар да болду.
Стамбулда профсоюздар жетектеген манифестанттар мындан отуз жыл илгери биринчи май демонстрациясы маалында куралдуу жоон топ кылмышкерлердин огунан мерт болгон отуздай кишинин арбайын эскеришти. Демонстрация ээ-жаа бербей баратканда полиция жашагызма газ колдонду, 600дөй адамды кармады. Жергиликтүү маалымат каражаттары бул окуя үчүн шаар башчысын айыптап чыгышты. Стамбулдун бийликтери кечээки демонстрация секуляристтердин маршына айланып кетет деп чочулап, коопсуздук чараларын күчөтүшкөн эле.

Тегеранда демонстрацияга чыккандар полиция менен жөөлөшө кетип,анын арты да кара тополоңго айланды. Ирандыктар жумуш шартынын начардыгына, айлык акылардын аздыгына нааразылык билдирип,эмгек жана социалдык министринин кызматтан алынышын талап кылышкан эле.

Ал эми Кытайдын аймагына кирген Макаодо аламандаган үч миңдей манифестант өкмөттүк имараттарга жапырып киргенге аракет кылды,полиция асманга ок атып жатып,аларды араң токтотуп калды. Чехиянын Брно шаарында болсо солчул жана оңчул маанайдагы демонстранттар жөөлөшө кетишти. Ушул эле жерде улутчулдар полицияга таш атып, кара кармашта бир нече киши жабыркады.

Түштүк Кореяда кечээ түндүк кореялыктар менен биргеликте биринчи ирет майрамдык демонстрация болуп өттү. Грецияда,Германияда жана башка жерлердеги массалык манифестациялар социалдык ураан-чакырыктар менен коштолду. Италиядагы жүрүштөргө жүз миңден ашуун киши чыкты.Майрамдык куттуктоо сөздөрүндө өлкөнүн президенти жана премьери жумушчуларды бакубат Италия үчүн күрөшүүгө чакырышты.

Биринчи май демонстрациялары менен жүрүштөрү Россиянын бүткүл аймагында болду жана алардын баары тынч өттү. Орус коммунисттеринин лидери Геннадий Зюганов бу күнү көңкү дүйнөдө тыгыз ийиндеше тарыхтын секисине эң башкы күч –эмгек чыкканын белгилесе, “Яблоко” партиясынын төрагаорунбасары Сергей Митрохин өлкөдө эркиндик жана демократия,тилекке каршы, мурдагыдан азайып кеткендигин билдирди.

Кубада демонстранттарды Фидель Кастро өзү куттуктайт дешкен эле, бирок ал эл алдына чыга алган жок.