Кондолиза Райс Сириянын жетекчилиги менен жолугушат

АКШнын мамлекеттик катчысы 3-4 май күндөрү Мисирде өтө турган Ирактын коопсуздугуна арналган эл аралык конференциянын соңунда Сирия жетекчилиги менен жолугушуп, Жакынкы Чыгыштагы абалды стабилдештирүү маселесин талкууламакчы.