12:50 Жарандык коомдор БШК биринчи жолу өз алдынча чечим чыгарганын айтышууда

Көз карандысыз байкоочулар №57 Кемин шайлоо чөлкөмүндө административдик ресурстар колдонулуп, шайлоо Кодекси одоно бузулганын бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, аталган аймактын төрт участогунда миңден ашуун бүллетен бир талапкердин пайдасына бурмаланган. 1-майда БШКнын толук курамы Кеминде көчмө жыйын өткөрүп, ишке жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгы үчүн округдук комиссия мүчөлөрүн четтетип, шайлоону жооко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышкан. (AJ)