Бул тууралуу аталган өлкөнүн парламентинин депутаты Пак Чан Сак кечээ Кыргызстандын өкмөт башчысы менен болгон жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди. Премьер-министр Алмаз Атамбаев кечээ Түштүк Кореянын делегациясы менен жолугушуп, анда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланган. Түштүк Кореядан келген топ Бишкекте бүгүн да бир катар жолугушууларды өткөрмөкчү.(SM)