Бул тууралуу Тышкы иштер министр Арсений Яценюк АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен 1-майдагы жолугушуу учурунда билдирди. Яценюктун айтымында, президент Виктор Ющенконун парламентти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечими мыйзамга ылайык келет. Жолугушуунун жүрүшүндө Украинанын НАТОго жана Эл аралык соода уюмуна кирүү маселелери каралды.