Түркиянын паламентинин мыйзам чыгаруу комитети мөөнөтсүз парламенттик шайлоону 22-июлда өткөрүүнү сунуштады
Бул сунушка парламентте ушул жумада добуш берилмекчи. Кечээ премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган өлкөдө түзүлгөн саясий кризистен чыгуунун бир жолу катары, парламентке 24-июнда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу сунушун киргизген.