Жердин ысып баратышын пастатуу үчүн калдык газдын көлөмүн 50 процентке кыскартуу керек

БАНГКОК. Улуттар уюму жана окумуштуулар жер шарынын ысып баратышын пастатуу үчүн өндүрүштөн бөлүнүп чыккан калдык газдын көлөмүн 2050- жылга чейин 2000чи жылга салыштырмалуу 50 процентке кыскартуу керек, деп билдиришти. Бул жөнүндө климаттын өзгөрүүсүн иликтөө комиссиянын Тайландда кабыл алынган документинде айтылат.