11:00 Байтикте элдик жыйын болуп жатат

Жыйынга Кыргызстандын бардык аймактарынан, Бишкектен өкүлдөр катышууда. Ошол жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча саат 10:30 да катталган тизме боюнча 460 киши каттоодон өткөндүгү белгилүү болгон.
Элдик жыйынды Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов сөз сүйлөп ачты. Фронттун маалыматы боюнча жыйынга саясий жана жарандык коомдун лидерлери чакырылган эмес.