Будапештте банк баскынчысын полиция атып салды

Автоматчан каракчы жумуш бүтөр маалда банкка кирип келип,эки кызматкерди барымтага кармап алган эле. Каракчы менен сүйлөшүүлөр натыйжа бербеген соң полиция жашагызма газ колдонуп, банкка жапырып кирип барышты жана каракчыны атып салышты. Операция учурунда банктын эки кызматкери жарадар болду.

Эсенбай Нурушев, Прага