Талас районуна караштуу Көпүрөбазар айылынын жашоочулары 3-майда “Андаш”, “Жерүй” алтын кендерине каршы туруу үчүн жана элди биримдике чакыруу максатында түлөө өткөрүштү. Ошол эле күнү кенге каршы тургандар Талас-Бишкек жолун жабышты. Алар “Жерүй” кенине бараткан тракторду барымтага алышты.
Түлөө айылдын ортосундагы күн чыгыштан күн батышты көздөй агып жаткан Талас дарыянын жээгинде өттү. Түлөөгө жергиликтүү айыл тургундарынын демилгеси менен 39 кой союлуп, жалпы облустан бир миңден ашуун эл жыйналды. Түлөө аяктагандан кийин Талас районуна караштуу Аксай айылынын күн чыгыш жагындагы Талас-Бишкек жолун кенге каршы тургандар кайрадан тосушту. Алар Чуй облусунун Токмок шаарынан “Жерүй” кенине иштеш үчүн келе жаткан унааны барымтага алышты.
Жолдун жабылышынын себебин уюштуруучулардын бири Шумкарбек Жумакеев мындайча түшүндүрдү:
- 14-майда премьер-министр келмейинче эч кандай жол кыймылы болбойт деген. Бирок ошого карабастан алар Токмоктон бул жака тракторду жиберген экен бизди алдап. Ал жерде кыймыл болуп атканын көрүп кыжырданып жатсак, кечээ кечинде губернатордун биринчи орунбасары Карабаев телефон аркылуу мен менен байланышты да, “Жерүй” ачылат, бери жактан эмес, Токтогул тарабынан тоону тешип иштетебиз. Ал эми ал жактан чыккан чаң баары бир силерди каптайт. Ал жакка эч кандай тоскоолдук кыла албайсыңар деген ойду айтты, - деп түшүндүрдү Шумкарбек Жумакеев.
Жолду жапкан нааразы тарап менен Талас районунун акими Канат Нартаев эл менен барып жолугушту, бирок “Азаттыкка” маалымат бергенден баш тартты.
Облустук, райондук милиция кызматкерлери Көпүрөбазар айылына келип, кенге каршы турган топтун лидерлерин куугунтукка ала баштады деп айтты жергиликтүү тургун Табыш Эсеналиев:
- Алтынды ачтырабыз деген провокатор балдар жүргөн экен. Эмне үчүн биздин элди кагыштырып атасыңар деп биздеги бала айтса, тиги баланы алып кетебиз деген ой менен түнкү саат 11 ченде 6-7 милиция кызматкери келип үстүнөн акты түздү. Жалпы эл билип калып, келип калды дагы жанагы баланы жибербей коргоп калдык, - деди фермер Табыш Эсеналиев.
Бул тууралу облустук ички иштер бөлүм башчысы Айтбек Нуралиев мындай дейт:
- Арыз түнкү саат үч болсо дагы түшөт. Эгер кылмышкер болсо биз түнү-күнү аңдып отуруп кармайбыз Биздин укугубуз бар, анткени биздин закон бар ал боюнча дешти.
Азыркы тапта Көпүрөбазар айылында дыйкандар жерлерин толугу менен айдатып бүтүштү. “Андаш” кенинин ачылышын көздөгөн дыйкандар жерлерин бир топ кыйынчылык менен айдаштаканын механизатор Молдогазы Чекиров төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Быйылкы жылдын эсебинен жаңы жер айдап-себүүдө элдин көпчүлүгү кыйналууда. Көп убаракерчилик менен зорго айдашты, - деди Молдогазы Чекиров.