Жаңылыктар Казакстанда өзбекстандык эки аял соттолду 7-Май, 2007 Маңгыстау облусунда өзбекстандык эки аял адам аткезчилиги үчүн 7 жылга эркинен ажыратылды. Алар кеминде эки жаш кызды Өзбекстандын Нукус шаарынан Казакстанга алдап алып келген соң, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаганы үчүн айыптуу деп табылды.