Иракта америкалык эки аскер өлтүрүлдү

Маалыматка караганда, алар Багдададдын түштүк-чыгыш тарабында жолго коюлган минага кабылып мерт болушту. Мындан сырткары кечээ Ирактагы шииттердин Куфа шаарында да миналанган автоунаанын жарылуусунан он алты адам каза тапты. Дагы бир нече адам оор жараат алганы маалымдалууда. Курман болгондордун арасында аялдар жана балдар да бар. Дүйшөмбүдөн бери Иракта 70 жайкын тургун мерт кетти.