Каржы министрлигинин маалыматы боюнча өлкөнүн экономикасы быйылкы жылдын үч айында жети пайыздан ашуунга өстү. Кумтөрдү кошпогондо өсүш дээрлик 10 пайызга жакын болгон. Бул көрсөткүчтөр экономиканын жандана баштаганын кабар береби, же утурумдук көрүнүшпү?
Экономикалык өсүш боюнча эң алдыга курулуш тармагы чыгууда. Бул тармак өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 60 пайыз өсүш берген. Андан сырткары жеңил өнөр жайы да мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Каржы министрлигинин алдындагы экономикалык иликтөө институттун директору академик Турар Койчуевдин маалыматы боюнча, тигүүчүлүк тармагы да быйылкы жылдын биринчи кварталында 60 пайызга өстү.
-Өткөн жылга салыштырмалуу экономиканын 7.7 пайызы өскөнү жакшы жетишкендик. Бирок кайсы тармактар өсүүдө, кайсы тармактар анча эмес деп талдап келгенде, өсүш туруктуубу, же туруктуу эмеспи деген суроолор чыгат.Мисалы, өнөр жай 1.1 пайыз гана өстү. Анын ичинде тоо кен тармагы -3.5 төмөндөгөн.Электр энергиясын өндүрүү, газ тармагы менен жалпы көрсөткүч дурус болууда,-дейт академик Турар Койчуев.
Андан сырткары жалпы көрүнүштү курулуш тармагы дурустоодо. Бирок курулуш өнөр жай, айыл чарбасында эмес, турак-жай тармагында болууда. Ошондуктан экономикалык өсүштү туруктуу нукка салуу үчүн реалдуу тармакка -өнөр жайына өзгөчө көңүл буруп, ага артыкчылык берүү зарыл, дейт Турар Койчиев.
Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Чыныбай Турсунбаев экономикалык өсүштүн туруктуулугун камсыздоо үчүн мындай шарттар керек дейт:
-Биринчи кезекте салык реформасы болуш керек. Экинчиден, ишкерлерди саясий туруксуздук тынчызданттууда. Ошондуктан конституциялык реформа тезирээк ишке ашса, ошону менен катар салык реформасы ишке ашса-бул бизде ишкерликтин өтө жанданышына, күчтөнүшүнө алып келет.
Каржы министри Акылбек Жапаров жылдык экономикалык өсүш 8 пайыз болуш үчүн парламент бир катар экономикалык мыйзамдарды кабыл алыш керектигин билдирген. Ал Камбарата ГЭСтерин Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндө мыйзамдын алкагынан чыгаруу, капиталды легалдаштыруу сыяктуу мыйзамдар. Ал эми 14-майда сессияга чогула турган Жогорку Кеңеш июнь айынын соңунда жайкы каникулга тарап, ошону менен сентябрь айында сессияга чогулат. Ошондуктан энергетикага байланыштуу чырлуу мыйзамдардын парламенте жакынкы айларда каралышы күмөндүү болуп турат.
Ал эми экономика туруктуу мүнөздө өсүүгө өттү деп айтууга эч ким даабай турат.