Адам укуктары боюнча бир катар эл аралык уюмдар Умида Ниязованын абактан бошотулушун кубаттады

Апелляциялык сот көз карандысыз журналист жана укук коргоочуну7 жылга эркинен ажыраткан сот өкүмүн шейшембиде 3 жылдык шарттуу жазага алмаштырган болчу. «Хьюман райтс уотч» уюму Өзбекстанда учурда дагы 14 укук коргоочу саясий айыптар менен абакта отурганын билдирди.