БШК чечимине каршы арыз менен сотко депутаттык шайлоодо 13 талапкердин арасынан көпчүлүк добуш алган Эрик Арсалиев кайрылган. Ушул айдын башында БШК добуштар бурмаланганы аныкталганына негиздеп, аталган округ боюнча Жогорку Кеңештеги депутаттык орун үчүн 29-апрелде өткөн шайлоону жараксыз деп тапкан. (SM)