Анда эл аралык көзөмөл астында Косовону Сербиянын аймактарынан көз карандылыктан ажыратуу каралган. АКШнын БУУдагы өкүлү Залмай Халилзад кеңештин 15 мүчөсүнүн көпчүлүгү бул документти колдоорун билдирди. Бирок Серб жетекчилиги менен косоволук албандардын ортосунда кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырып келген Орусия аны колдоор колдообосу белгисиз.