14:34 Эки адамды коюп кеткен Башкы прокуратуранын кызматкери тергөөгө келбей жатат

3-майда түнүндө Баш прокуратуранын кызматкери К.Эгембердиев машине менен эки адамды коюп кеткен. Натыйжада бир аял өзүнө келбей жатып, ооруканада көз жумган, экинчиси болсо Шаардык клиникалык ооруканага жаткырылган. Ушу тапта К.Эгембердиев тергөөчүгө келбей, качып жүрөт деп билдирди “Азаттыкка” ШИИБнын маалымат кызматы. (ZMa)