12:44 Турсунбек Акун: ЖКнын депутаты Арсланбек Малиев Барскоондогу нааразылык акцияларынын башында турат

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун бүгүн Балыкчы-Кумтөр автожолун тоскондор менен жолугушуп келди. Анын айтымында, “Жогорку Кеңештин депутаты А. Малиев жергиликтүү тургундарга жол тоскула деп акча берген” деген маалымат бар. “Арсланбек Малиевдин максаты - “Кумтөрдү” менчиктештирүү болгону белгилүү болуп калды” деп кошумчалады Турсунбек Акун. Балыкчы-Кумтөр автожолу он күндүк нааразылык акциясынан кийин бүгүн кайрадан ачылды. (ZMa)