«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши Кыргызстандын нефти трейдерлер ассоциациясынын башчысы Базарбай Мамбетов болду.
- Жакында эле күйүүчү май баалары кымбаттады, мунун себептери эмнеде?
- Мунун эң негизги себептери дүйнөдөгү нефтирыногунун коньюктурасы өзгөрүлдү эки айдын ичинде. Экинчиден, биздеги Россиядан, Казакстандан алынып аткан күйүүчү майлардын бардыгын чыгарган иштеп чыгаруучу заводдордун көбү ремонтко турду апрель айынан баштап. Үчүнчү себеби, жылына эле биздин кошуна өлкөбүз Казакстан жазгы талаа жумуштарына карата күйүүчү майлардын экспортун токтотуу боюнча чечим кабыл алат февраль айынан апрелге чейин. Ушулардын баары чогулуп отуруп биздин нефтирыногубузга дефицитке алып келди. Эң негизгиси салттуу бензиндердин маркасы менен дизелдик күйүүчү май. Орусча айтканда, сунуштар суроо талапты канаттандырбай, ошого карата биз дефицит болгондон кийин бизге дүңүнөн берип аткан заводдордун баалары дагы жогорулап кеткенине байланыштуу биз май айынын башында күйүүчү майлардын баасы кымбаттап атканына алып келди.
- Бул көрүнүш улана береби, прогноздор кандай?
- Ушундай көрүнүш былтыр да болгон. Жайга карата дүйнөдөгү чийки майдын баасы максимумга чыгып, кайра 3-4 айдан кийин ылдыйлаганда биз да ылдыйлатканбыз. Бирок май, июнь айына стабилдүү эле баа турат деген эле ойдобуз. Ошондой прогноз кылып атабыз биз дагы.
- Орусия жана Казакстандан көз карандуу болбоонун бир жолу тууралу айта кетсек. Мына сиз жакында Кыргыз нефтегаз ишканасы толук камдуу иштесе, Кыргызстанда бир миллион тоннага жакын, башкача айтканда өлкө үчүн эң оптималдуу көлөмдөгү мунай табылмак деп айттыңыз эле. Кыргыз нефтегаз ишканасы толук кубатта иштебей жатканынын себеби эмнеде?
- Мунун себеби Кыргыз нефтегаз деген өндүрүштүк бирикме мамлекеттин колунда болуп атат. 17 жылдан бери мамлекет ошол ишкананы жакшылап башкарып иштете албай жатат. Дүйнөлүк практикада мамлекет ошол мекемесин өндүрүштүк бирикмелерди иштете албай атса сөз жок, частный секторду өзүнө партнер кылып чакырыш керек. Ошол частный сектордун колуна бул өндүрүштүк бирикмени бербесек биз эч качан нефтини каалашынча жердин алдынан ала албайбыз. Бул элдин бардыгына эле түшүнүктү. Бирок биздин өкмөтүбүз башка органдар дагы аны туура эмес түшүнүп атат деп ойлойм. Биздин Россиядагы Газпром деген чоң бирикме дагы келип нефти менен газ чыгара турган, жердин алдынан ала турган отраслды бизге бергиле десе, биздикилер эмнегедир майда нерселерге жабышып эч кандай стратегиялык жакшы чечимге келе алышпай койду. Алар келип атса биз контрольный пакет акциясы өкмөттө калыш керек деген болбогон нерселер менен ошол ишти дагы кармап турат. Эгерде биз бир миллион тоннага чейин жердин алдынан чийки нефтини чыгарып алсак, Жалалабатта турган заводубуз 12 жыл болуп калды иштебей турат, 500 миң тонна чийки нефтини иштеп чыкса, өзүбүздүн рыногубузду өзүбүз жаап алат элек деген чоң маселе бар бул жерде.
- Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев бүгүн иш сапар менен Тажикстанга жөнөйт, ал жерде башка маселелер менен кошо дагы энергетика тармагында дагы кызматташуу талкууга алмакчы, Тажикстан менен кандай долбоорлор ишке ашырылышы мүмкүн?
- Тажикстан менен эң негизгиси биз Баткенден Канибадам деген жерге чейин 2 жыл мурда чоң электр энергиясын экспорттой турган жогорку чыңалуудагы линия курганбыз, ошону жакшылап иштетип, бизден чыгып аткан ашык электр энергияны ошолорго берип турсак чоң иш болмок. Андан башка дагы Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда 2005-2006-жылдарда чегара маселеси боюнча көп маселелер көтөрүлүп, оор жагына айланып кеткен көрүнөт. Бул маселенин бардыгы тажик менен Кыргызстандын чегарасына жакын аймактарда тажик жарандары биздин аймактан үйлөрдү сатып алып, акырындап жылып отуруп, чегараларды бузуп өтүп, биздин, чегара аскерлерибиз, СНБ, прокуратура, милиция, айыл өкмөттөрү эч иш жасабай, көп жерлерде кыргыздын жерлерин тажиктердин жарандарына тарттырып жиберген көп маселелер бар. Аны биз орчундуу маселе кылып коюп сүйлөшүп, эртерээк чегаранын делимитациясын чечип, деморкация кылып койсок жакшы эле болот эле.
- Маегиңизге ырахмат.