Тиешелүү мыйзам долбоорун президент Нурсултан Назарбаев бүгүн парламенттин кош палатасына сунуш кылды жана парламент аны биринчи окуудан кабыл алды. Сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн бири президенттин бийлик мөөнөтүн азыркы 7 жылдан 5 жылга түшүрүүнү, президенттин кээ бир ыйгарым укуктарын парламентке берүүнү карайт. Бул жобо толук жактырылса, 2012-жылы Нурсултан Назарбаевдин бийликтеги мөөнөтү аяктаганда күчүнө кирмекчи. Назарбаевдин ырастоосунда, сунуш кылынган өзгөртүүлөр саясатты либералдаштырууга багытталган.