Эки жыл мурдагы Анжиянан окуясынан улам мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгон өзбек качкындарынын дагы экөөсү бүгүн эртең менен Бишкектен Канадага жол тартмакчы. Бул тууралуу «Азаттыкка» сапар алдындагы өзбек качкындарынын бири билдирди. Өткөн жумада да эки өзбек качкыны үйбүлөсү менен кошо Бишкектен Канадага жөнөп кеткен. Буга дейре Бишкекте убактылуу баш калкалап турган бул өзбек качкындарына Канада баш паана берген.(SM)