Франциянын Канн шаарында эл аралык 60-кинофестиваль ачылды

Быйыл фестивалдын «Алтын пальма» баш байгеси үчүн 22 кинотасма таймашмакчы. Жалпысынан анда 64 фильм көрсөтүлөт. Дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу деп эсептелген бул кинофестиваль 12 күнгө созулмакчы.