БАГЫТ АНЫКТАЛДЫ, ЖОЛДОШТОР, ЭМИ ИШКЕ

Кыргызстандын 2010-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасы иштелип чыгып, мамлекет башчысынын жарлыгы менен бекитилди. Эми ал маалымдоо каражаттарында жарыяланып, жалпы элдик талкуудан өтүшү керек. Жаңы документ мурдагысынан жалаң көлөмү менен эле эмес, өнүгүүнүн негизги делген багыттарынын аздыгы менен да айырмаланат. Антишке программанын каржылык негизинин чукактыгы, экономикалык өнүгүү ыраатынын бир кылка жүрбөгөндүгү себеп болууда.
Баш-аягы эки жылга чукул убакыт кенен-кесир иштелген жаңы экономикалык документтин мурдагы жакырчылыкты жоюу, экономикалык өнүгүшкө өбөлгө түзүү улуттук стратегиясынан олуттуу дегидей айырмачылыгын эксперт Учкунбек Ташбаев мындайча сыпаттады.

- Бул кыска, бирок нуска багыттарды ишке ашырабыз деп туруп, ошол максатта коюлуп жатат.

Стратегияны иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Азамат Дыйкамбаев негизги делген багыттарга өзгөчө көңүл бурулганын, андан бөлүнүп чыккан экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзчү шарт-жагдайлар кенен-кесир сыпатталып чыкканын маалымдады.

- Бул өлкөнүн экономикалык потенциалын көтөрүү, экинчиден, адам мүмкүнчүлүгүн ачууга багытталган өнүгүү, үчүнчүсү, коррупцияга каршы күрөш, мамлекетти башкарууну жакшыртуу, төртүнчү багыт деп экологиялык туруктуулукту жана жаратылышты сарамжал пайдаланууну камсыз кылууну белгиледик.

А.Дыйкамбаев стратегиялык программаны ишке ашырууга 6,3 миллиард сом талап кылынарын, буга кошумча ичтен жана сырттан тикелей инвестициянын келиши 60% арбын болору күтүлүп жатканын белгиледи.

Анын болжолунда, 2010-жылга чейин орточо айылк акы эки эсе көтөрүлмөкчү. Азыр ал 2,5 миң сомдун тегерегинде турат. Өлкөнүн ички дүң продуктусу жыл сайын 9% өсүп, бюджеттин киреше бөлүгү 10% кем эмес арбып турушу көрсөтүлгөн. Эгер анын баары ишке ашса жакырчылыктын саны 30% төмөндөшү керек.

Алдыдагы үч жылга кыйла оптимисттик маанайда стратегиялык программа кабыл алынышына быйылкы жылдын 4 айынын экономикалык көрсөткүчтөрү негиз берип жатканына А.Дыйкамбаев атайын токтолду.

- Быйылкы төрт айдын жыйынтыгы көрсөткөндөй, өсүш 9,1% түздү. Бул эгемендик жылдарындагы биринчи ирет болуп жаткан экономикалык өнүгүү.

31-майда Бишкекте донор өлкөлөрдүн кезектеги жыйыны өтөт. Анда Кыргызстандын алдыдагы үч жылга эсептелген өнүгүү стратегиясы талкууга алынат. Долбоордун менеджери Нарынбек Жунушевдин ырасташынча, буга кошумча коомчулук арасында да чоң талкуулар уюштурулмакчы.

- Ар бир аймакта пикир топтоонун облустук бөлүмдөрү ачылат. Жарандык коом бул ишке астейдил катышат.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү жыл сайын 6% кем болбогон чакта гана өлкө бюджетине оорчулугун салган тышкы карыз жүгүн жеңилдете алмакчы. Аны Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Пауло Нойхаус да атайын белгилеген.

- Тышкы карыздарды жеңилдетүү программасына кирүүдөн баш тарткандан кийин өкмөт мындан ары ансыз кантип экономикалык өнүгүү жолун аныктап алышы керек.

Андан да маанилүү маселе, стратегиялык өнүгүүнүн натыйжасы элдин жашоо-турмушунда айкын көрүнүшү абзел.

- Элдин абалы кескин оңолушу керек. Уурдоо, талап алуу токтотулушу керек,- дейт депутат Осмонбек Артыкбаев.

Адистердин баамында, бул жаатта азырынча чечилбеген толгон-токой проблемалар турат.