11:15 Бишкекте бейөкмөт уюмдардын форуму өтүп жатат

Форум бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө, алардын саясаттагы жана коомдогу ээлеген орду боюнча маселени талкуулоого арналган. Жыйындын катышуучулары мамлекеттик деңгээлде саясий чечимдерди кабыл алууда бейөкмөт уюмдар четте калып жаткандыгына тынчсызданышууда. “Жаш саясатчылар форумунун” лидери Алишер Мамасалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Конституцияны реформалоо жараянына бейөкмөт уюмдар катыштырылбай жатат, алардын ордун саясий партиялар ээлеп алууда:

-Борбор Азияда жана жалпы эле дүйнө жүзүндө Кыргызстандын жарандык сектору күчтүү деп айтылат. Бирок акыркы убактарда бизди четке чыгарууга аракеттер жүрүп жатат. Биз бүгүнкү жыйында мурдагы таасирибизди калыбына келтирүү жана саясий партиялар менен кандай иштейбиз, өнөктөш болобузбу же атаандаш болобузбу деген суроолорду күн тартибине койдук. Мындан тышкары бийликке Конституциялык реформа болобу, болсо кандай болот деген суроону берели деп жатабыз.

Жарандык коомдун форуму буга чейин Таласта болуп өттү. Келерки жумада Ош, Жалалабад жана Нарын аймактарында да өтөрү күтүлүүдө.