МОСКВА. Россиянын "Газпром" компаниясы менен Беларусиянын "Белтрнасгаз" компаниясы соода келишимине кол коюшту. Эки миллиард долларлык келишим боюнча, Газпром 2010- жылга чейин Белтрнасгаздын акцияларынын 50 процентин сатып алат. Газпром ар бир баскычта компаниянын акцияларынын 12 процентин сатып алып, акчасын төлөп берип турат. Өткөн жылы тараптар газды транспорттоо боюнча биргелешкен уюм түзүү жөнүндөгү протоколго кол коюшкан.