Израилдик аскерлер Газа шаарындагы хамасчылар тобуна абадан чабуул койду

ГАЗА. Израилдик аскерлер Газа шаарындагы хамасчылардын таяныч пункттарына абадан чабуул койду. Анда бери дегенде эки киши курман болуп, 5 киши жаракат алды. Мындан мурдараак израилдик аскерлердин Газага жасаган аба рейддеринде төрт согушкер курман болгон. Израилдик аскерлер аба чабуулдары палестин согушкерлеринин Газа тилкесинен жасалган ракеталык аткылоосуна жооп иретинде жасалганын маалымдашты.