Кечээ өкмөт үйүндө Вице-премьер министр Дорсбол Нур уулу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, генерал-майор Дайыр Асановдун мааракесин өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү. Анда мааракеге арналган иш-чаралардын планы жана сценарийи бекитилди. Досбол Нур уулу мааракени уюштуруу иштери жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын белгиледи.