Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари АКШ жетектеген коалицияны “Ирак зомбулукка баткан учурда” аскерлерин чыгарбоого үндөдү.
Ушундай маанилүү учурда биз шериктерибиздин колдоосуна муктажбыз, - деди Канберрада сапар менен жүргөн Зебари. Министр Австралиянын тышкы мекемесинин жетекчиси Александр Даунер менен жолугушту. Даунер да Ирактан чегинүү “алааматка” алып келиши мүмкүн деп эскертти. Австралия Иракка 1 миң 400дөй аскерин жиберген, бирок соңку кездери өкмөт элдин катуу нааразылыгына туш болууда.