Буга байланыштуу кечээ Бишкекте маркумду эскерген жыйын өттү. Азамат Алтайдын жакындары, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, бийлик өкүлдөрү жана «Азаттык» үналгысынын жамааты катышкан бул жыйында маркумдун арбагына куран окулуп, өмүрү-чыгармачылыгы эскерилди. Эскерүүлөрдө Азамат Алтайдын демократиялык жараяндарга кошкон салымы, «Азаттыктын» 50 жылдан ашуун тарыхындагы эмгеги белгиленди. «Азаттык» үналагысынын түптөөчүсү Азамат Алтай былтыр 86 жаш курагында Нью-Йоркто дүйнө салган. (SM)