Ливандын түндүгүндө атышуулар бүгүн кайра орун алды

Атышуу Триполи шаарынын жанындагы качкындар лагеринде өкмөттүк аскерлер менен исламчыл согушкерлер ортосунда жүрүүдө. Үч күн мурда башталган атышуулардан азыркыга чейин кеминде 81 адамдын өмүрү кыйылды. Бүгүнкү уруштарга танкттар жана артиллерия да тартылды. Өкмөттүк аскерлер менен урушуп жаткан "Фатх аль-ислам" кыймылы бүгүн элдешүүгө даяр экенин да билдирди. "Ал-каида" менен байланышы бар бул топтун өкүлдөрүнүн бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, өкмөттүк аскерлер алардын турумдарына чабуул койбогон шартта ок атышууну токтотууга макул.