15:31 Акыйкатчы эл аралык «Эври чайлд» уюму менен кызматташат

Тийиштүү келишимге эки уюм 1-июнь эл аралык балдар күнүнө карата 25-майда кол коймокчу. Эки тарап Бириккен Улуттар уюмунун балдар укугуна байланыштуу Конвенциясы жана Кыргызстандын Балдар укугу жөнүндөгү Кодексинин негизинде кызматташмакчы. Бул тууралуу Кыргызстан Акыйкатчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)