Аба ырайы

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 25-майда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым аймактарда кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +22...+27 градус.
Таласта түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29 градус.
Ысыккөл аймагында түнкүсүн +5...+10, күндүз +16...+21 градус.
Нарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26 градус болот.
Бишкекте сейрек булут каптап турат. Күндүз кыска мөөнөттө жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +23...+25 градус.