Митинг кечээгидей эле облустук ички иштер башкармалыгынын алдында өтмөкчү. Өткөн ишембиде премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барган учурдагы баш-аламандыктан кийин алтын кендерин иштетүүгө каршы чыккандардын башында турган делген 8 адамды милиция камакка алган. Кечээ кечинде жергиликтүү бейөкмөт уюмдун башчысы Арзыкан Момунтаева да камакка алынганын аймактагы кабарчыбыз кабарлады.(SM)