10:00 А. Бекназаров: Парламент Кыргызстан-Казакстан ортосундагы келишимдер боюнча позициясын так аныкташы керек

Парламенттин бүгүнкү отурумунда Бекназаров, эки өлкө ортосунда чек ара, Ысыккөлдүн жээгиндеги пансионаттар жана бажы чек арасы боюнча келишимдер тууралуу маселени күн тартибине коюш керек деди. 5-июнда Казакстанга барганы жаткан депутаттык топтун иш сапарынан казак президенти ушул боюнча жоопту күтүп жатканын кошумчалады. (EBM)