Казак президентинин күйөө баласы эл аралык издөөгө алынды

Ички иштер министрлик Рахат Алиевди камакка алуу үчүн Интерпол аркылуу издөө жүрөөрүн жар салды. Ишемби күнү Нурсултан Назарбаев Алиевди Австриядагы элчи кызматынан алып салган. Алиевге “Нурбанктын” эки жетекчисин уурдоого катышы бар деген айып тагылып, ага каршы кылмыш иши козголгон.