Тбилисиде грузин парламентинин оппозициядан шайланган мурдагы депутаты Звияд Цехладзени өлтүрүп кетишти

Телефон чалууларга жооп бербеген соң издеп келген туугандары анын сөөгүн кеңсесинде колу-буту байланып, оозу таңылып жаткан жеринен табышкан. Бул тууралуу жергиликтүү ММК кабарлады. Полиция болсо бул окуя боюнча азырынча маалымат тарата элек.

Таңкы эл аралык кабарларды Бишкектен Шайырбек Эркин уулу даярдады