Фатима Абдалова Улуттук телекөрсөтүүнүн концерттик залында республикалык “Калемгер” адабий клубу тарабынан жарыкка чыккан “Булак” аттуу аңгемелерден жана пьесалардан турган эки жыйнактын бетачары өттү. Китептер “Калемгер” жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрүнүн чыгармаларынан турат.
Республикалык “Айтыш” коомунун алдындагы “Калемгер” адабий клубу өткөн жылы аңгемелерге жана пеьсаларга республикалык сынак жарыялаган. Сынакта тандалып алынган аңгемелер “Булак-1” аттуу китепке кирсе, пьесалар “Булак-2” деп аталат. “Булактардын” бетачарында “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси Мирлан Самыйкожо сынак адилет өткөнүн белгиледи:
-Бизге келип түшкөн ангемелер, пьесалар баары жашыруун түрдө калыстардын колуна номерацияланып берилген. Андыктан эч ким эч кимди оңго же солго тартпагандыктан, жеңүүчүлөрүбүз жер-жерлерден чыгып аткандыгы да калыстыктан болуп аткан болсо керек деп ойлойбуз.
Сынакка түшкөн кырк тогуз аңгемеден он жети аңгеме жана он үч пьесадан беш пьеса тандалып алынып, китеп болуп чыгып отурат. Алдыңкы орундарга “Бүкүрдүн үйлөнүү үлпөтү” аңгемеси менен Жумабек Токтогазиев, “Сейилкан” аңгемеси менен Элмира Ажыканова жана “Кашкабактагы окуя” чыгармасы менен Мамат Раимжановдор чыгышты. Аңгемелерди жана пьесаларды карап чыгышкан адабиятчылар – жандуулуктун жана чыныгы улуттук жүздүн жетишпей жатканын белгилешти:
-Кыргыз аңгемелеринин нак жүзүн көрсөтө турган жандуу, бийик деңгээлдеги аңгемелер жаралса экен деген тилегимди айтып кетем,-деди адабиятчы Ырысбек Эшматов.
Ал эми “Булакка” кирген беш пьесаны толук атай кете турган болсок: Асылбек Исмаиловдун “Ажар”, Алтынай Темированын “Сынык асман”, Анатай Өмүркановдун “Акмактым”, Абдыкерим Муратовдун “Акмактым сулуу” жана Кыялбек Урмамбетовдун “Тактекей” пьесалары. Мына ушул тандалып алынган аңгемелер жана пьесалар негизинен жаш сынчылардын сынына коюлуп, алар тарабынан “Булакка” карата сын макалалар да жазылды. “Булактын көзү кандай” сын макаласы менен жеңишке жетишкен жаш сынчы Аскат Алакөзов мындай сынактын уюшулушу зарыл болчу деди:
-Кыргыз адабиятында массалык адабият пайда болуп, таза адабият аксап калган кезде – жазуучуларга шыкак-дем берип, адабий сынды дагы жандандырууга ушундай демилгенин көтөрүлүп атканы татыктуу иш деп эсептейм.
“Булак өзөн болобу?” сын макаласы менен сынактын биринчи даражадагы сыйлыгына ээ болгон дагы бир жаш сынчы Жолдош Үкүбаевдин пикиринде дымыган кийинки жылдарда окурмандардын көркөм табити жоголду:
-Көркөм сөз өнөрүнүн башкы максаты- көркөм табитти калыптандыруу. Ушул нерсе унут болуп баратканда, мындай иш-чаралар кечигип болсо да болуп атканы кубанарлык.
Сын макалаларга сын жүргүзгөн топтун өкүлү жазуучу жана адабиятчы Абдыкерим Муратов:
-Адабий сын боюнча бул – алгачкы жолу өтүп аткан сынак. Сынга карата сынактагы дагы бир талап – “Булакка” карата жазылган сын макалалардын гезиттерге жарыяланышы талап этилди. “Маданият” менен”Ала Тоо” “өлүп”, гезиттер сын дегенди басууну унуткан заманда – мындай көрүнүш сындын жанданышына шарт түзөт.
“Булакка” кирген авторлордун арасында кыз-келиндердин катары калың экени байкалат... Мындай пикирин Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов да белгиледи:
-Мурда мен билгенден кыргыз адабий прозасында Айым Айтбаева менен Зуура Сооронбаевалар гана болушса, “Булактан” улам проза жазган кыз-келиндерибиз көбүрөөк болуп баратканын көрдүм.