17:55 Июнь айынын башталышында АКШ коргоо министри Роберт Гейтс Кыргызстанга келет

Анын иш сапарында АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды жана коопсуздук боюнча мамилелерди бекемдөөгө арналган жогорку деңгээлдеги консультацияларды өткөрүү палндаштырылууда. Министр Гейтс ошондой эле Манас абамайданындагы авиабазага барып, авиабазанын жетекчилери жана жоокерлер менен жолугушат. Бул тууралуу АКШнын элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)