Иран уран байытууну токтотпой турганын билдирди

ТЕГЕРАН. Ирандын атомдук энергия агенттигинин башчысы Али Лариджани Иран уран байытууну токтотпой турганын билдирди. Бул билдирүү анын Еврошаркеттин тышкы иштер министри Хавьер Солана менен Мадридде боло турган жолугушуусунун алдында жасалып отурат. Улуттар уюму Ирандан уран байытууну токтотуусун талап кылып жатат жана эртең боло турган сүйлөшүүдө бул маселе көңүл чордонунда болмокчу. Лариджани сүйлөшүүгө алдын ала шарт койулган учурда барбай турганын билдирди.