8:28 Балдарды коргоонун эл аралык күнү бүгүн Кыргызстанда да белгиленет

Буга байланыштуу ордо калаа Бишкекте жана жер-жерлерде бир катар иш чаралар, түрдүү кайрымдуулук акциялары өтмөкчү. Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда балдар калктын 42 пайыздайын түзөт. Башкача айтканда, өлкөдө18 жашка чейинкилердин саны 2 миллион 170 миңден ашуун. (SM)