11:25 Атамбаев: Мурдагы өкмөт түзгөн макулдашууну токтото албайм

Мындай пикирин премьер министр Алмаз Атамбаев электр энергиясына байланыштуу депутат Замирбек Эсенаманов парламенттик угууда койгон дооматка жооп берип жатып билдирди. Депутаттын айтымында, Кыргыз өкмөтү электр энергиясын жергиликтүү калкка 63 тыйындан, Өзбекстанга 30 тыйындан сатууда. Электр энергиясын экспорттоонун баасына байланышкан мындай макулдашууга Кыргызстан тараптан былтыр биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөнов баштаган өкмөттүк делегация Ташкенде кол коюп келген. (BuS)