“Ата Мекен”, “Ар-Намыс”, “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Менин өлкөм” жана “Либерал прогрессивдүү партиянын” жаштар канаты Арчаалы айлындагы кургак учук менен ооруган балдар Интернатына телевизор, ДВД-караоке, мульфильм жана балдар ырларынын жыйнактарын белекке беришти. Белекке каражат 26-майда партиялар арасында өткөн кайрымдуулук футболдук турниринде чогултулган. (EBM)